Ысык-Көлдүн Тамчы айылынан Чолпон-Атага бара турган унаа жолдорго суу чачылууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, мындай иштер өтүп жаткан эл аралык иш-чараларга байланыштуу жолдордогу чаңды басаңдатуу үчүн жасалууда.
Суу чачуу иштерин 8 атайын техника аткарууда.