Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери Талантбек Солтобаев, Илхом Махкамов өлкө аймагында курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун негизги курулуш объектилерин кыдырышты.
Министрлик кабарлагандай, эки жетекчи тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулуш иштерин көрүп чыгышкан.
Алар курулуш иштерине тартылган адистер жана жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, курулуштун сапаты жана алдыдагы иштер боюнча пикир алышышкан.