Түркияда токой өрттөрүнө шектелип кеминде алты адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министри Акын Гюрлек билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, тергөөчүлөр 1-июндан бери Түркиянын 16 провинциясында катталган токой өрттөрүнө байланыштуу 44 иштин үстүнөн иликтөө жүргүзүп жатышат.
Гюрлек бул факт боюнча жалпы 29 адамга айып коюлуп, алардын алтоо шектүү катары кармалганын, дагы 9 адам үй камагына жиберилгенин белгиледи.
Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.
