Биз социалдык тармакта

Кытай пахта өндүрүүчүлөрүнө коюлган айыптоолорду четке какты

Бүгүн, 3-августта Кытайдын Пахта ассоциациясы АКШнын Шинжаңдагы уйгурларды мажбурлап иштетүү боюнча айыптоолорун четке какты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар кабарлашты.

Ассоциациянын билдирүүсүндө мындай дооматтардын фактылык жана укуктук негизи жок экени айтылган. Ошондой эле Шинжаңда пахтанын 90 пайыздан ашыгы техника менен жыйналып, өндүрүштүн дээрлик бардык баскычтары автоматташтырылганы белгиленди.

Буга чейин АКШнын Ички коопсуздук министрлиги 43 кытайлык компанияны уйгурларды мажбурлап эмгекке тарткан деген негизде "кара тизмеге" киргизген.

Кытай тарап АКШны адам укуктары маселесин саясатташтырууга жана өлкөнүн текстиль тармагын чектөөгө аракет кылып жатат деп айыптады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан