Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Айыл" аттуу эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат

6-августта саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Жибек жолу – 2026" кыргыз-кытай маданий алмашуу программасынын алкагында "Айыл" аттуу эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Көргөзмөгө Кытайдын ар кайсы аймактарынан келген кесипкөй сүрөтчүлөрдүн, чыгармачыл окуу жайлардын окутуучуларынын жана изилдөөчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Долбоор Кыргызстан менен Кытайдын маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана чыгармачыл байланыштарды чыңдоого багытталган.

Көргөзмөнүн ачылышынан кийин заманбап искусство жана маданий кызматташтык боюнча кесиптик жолугушуулар жана талкуулар өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан