Биз социалдык тармакта

Министр Балыкчы-Каракол жолунун курулушун текшерди (видео)

Бүгүн, 3-августта транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Министр курулуштун сапатын, аткарылып жаткан иштердин графигин текшерип, жооптуу жетекчилерге долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жана техникалык талаптарды так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Жалпы узундугу 141 чакырымды түзгөн жол реконструкциядан кийин төрт тилкелүү, заманбап унаа жолу катары пайдаланууга берилет.

Талантбек Солтобаев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолунун курулуш иштерин текшерди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан