Биз социалдык тармакта

Бишкекте 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июлда милицияга соттун имаратынын маңдайында жашы жете элек бала электр тогуна кабылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (Тоо-кен, курулуш же башка иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын толук жана объективдүү аныктоо үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан