Чүй облустук милициясы Арашан айылындагы жаңжал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 07:50 чамасында айылдын Флагшток аймагында жаштардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуяга тиешеси бар жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Анда катышуучулардын бири милицияга арыз менен кайрылып, жаңжал өз ара түшүнбөстүктөн улам чыкканын, эч кимге карата доо-талабы жок экенин билдирген.
Учурда аталган факт боюнча кошумча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.