Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин жакынкы күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Ал Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.
Орусия басылмалары маалымдагандай, Мишустин бул тууралуу Алтай Республикасынын башчысы Андрей Турчак менен болгон жолугушууда билдирген.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү өтөт.