Грециянын Афины шаарынын батышындагы Псата аймагында токой өртүн өчүрүү учурунда 2 тик учак абада кагылышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Өлкөнүн Өрт өчүрүү кызматы маалымдагандай, биринчи тик учактын 2 экипаж мүчөсү жеңил жаракат алган. Ал эми экинчи тик учактагы 2 адам каза тапты. Алардын бири Грециянын, экинчиси Даниянын жараны болгон. Кырсыктын себептери такталууда.
Белгилей кетсек, учурда Грецияда токой өрттөрү күчөп, өлкө боюнча 73 өрт очогу катталды. Спутниктик маалыматтарга ылайык, өрттөнгөн аймактын аянты 5,7 миң гектардан ашкан.