1492-жылдын 3-августунда генуялык деңиз саякатчысы Христофор Колумб биринчи экспедициясын баштаган. Ал "Санта-Мария", "Пинта" жана "Нинья" аттуу 3 кеме менен Испаниянын Палос-де-ла-Фронтера портунан жолго чыккан.
Колумб Жердин шар формасында экендиги тууралуу байыркы түшүнүктөргө жана ошол мезгилдеги окумуштуулардын эсептерине таянып, Европадан Индияга барчу эң кыска деңиз жолун табууну максат кылган.
Экспедиция Канар аралдарынан кийин батышты көздөй багыт алып, Атлантика океанын кесип өткөн. Бул саякат кийин дүйнө тарыхындагы эң маанилүү географиялык ачылыштардын бирине айланган.