Испаниянын Сеута шаарында каза болгон мигранттардын саны 72ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Айрым мигранттар деңизге чөгүп кетсе, башкалары толкун тосмосун жана чек ара тосмосун ашып өтүүгө аракет кылып жатканда тыгында каза болушкан. Кризис башталгандан бери миңден ашуун адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Миграциялык кризис 30-июлда башталган. Ошондон бери 50 миңден ашуун адам кургактык жана деңиз аркылуу Сеутага өткөн. Кийинки эки күндүн ичинде алардын 48 миңден ашыгы кайра Мароккого кайтарылган.