Мамлекеттик бажы кызматы Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн ИРЕНге катышуучу өлкөлөрдүн XI жылдык жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.
Анда аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, тобокелдиктерди башкаруу, маалымат алмашууну жакшыртуу, бажы тармагын санариптештирүү жана мыйзамсыз соодага каршы күрөштү күчөтүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында катышуучу өлкөлөр кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырастап, бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо, тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана аймактык коопсуздукту жогорулатууга багытталган сунуштарды кабыл алышты.