Биз социалдык тармакта

Гүлжан Сатиева JICA өкүлү менен өзгөчө балдарга жардам көрсөтүүнү жакшыртуу маселесин талкуулады

Бүгүн, 3-августта Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Морооко Такааки менен жолугушуп, аутизм, Даун синдрому жана ДЦПсы бар өзгөчө балдарга медициналык жардам көрсөтүү жана реабилитациялык борборлорду өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда JICAнын колдоосу менен бул тармакка кесипкөй адистерди тартуу жана алардын тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Талкууга Чүй облусунун Москва районундагы балдар реабилитациялык борборунун өкүлдөрү катышып, өз сунуштарын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан