Биз социалдык тармакта

Сеутада мигрант балдар борборлору 30 эсеге ашыкча толду

Испаниянын Сеута шаарындагы жашы жете элек мигранттарды жайгаштыруу борборлору дээрлик 30 эсеге ашыкча толуп калганын шаар өкмөтүнүн президенттик жана ички башкаруу маселелери боюнча кеңешчиси Альберто Гайтан журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда борборлордо 862 жашы жете элек мигрант жайгаштырылган. Ал эми бул мекемелердин кадимки сыйымдуулугу болгону 29 орунду түзөт.

«Бул дээрлик 2872 пайыз ашыкча толгон дегенди билдирет», — деген Гайтан Cadena SER радиосуна берген маегинде.

Жергиликтүү бийлик борбордук өкмөттү кырдаалды жөнгө салуу үчүн кошумча чараларды көрүүгө жана жашы жете элек мигранттарды Испаниянын башка аймактарына бөлүштүрүүгө чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан