Дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чан жаңы тартылып жаткан "Кудайдын сооту-4" тасмасын тартуу үчүн Азербайжандын борбору Баку шаарына барды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, актёр Бакуда 10 күнгө жакын болуп, тасманын айрым эпизоддоруна тартылат. Тасманын негизги бөлүгү Казакстанда тартылып жатат.
Буга чейин тартуу иштери Казакстандын Маңгыстау жана Алматы облустарында жүргөн.