Түштүк Кореяда катуу ысыктан 16 адам каза болгону маалымдалды. Өлкөнүн президенти Ли Чжэ Мён аптаптан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырды.
Улуттук метеорологиялык агенттиктин маалыматына караганда, 2-августта абанын температурасы 42,5 градуска чейин көтөрүлүп, акыркы 122 жылдагы эң жогорку көрсөткүч катталган. 3-августта Сеулдун айрым райондорунда катуу ысык боюнча эскертүү жарыяланган.
Ошол эле учурда Түндүк Кореяда дагы абанын температурасы 40 градуска чейин ысып, Пхеньянда бир нече күндөн бери тропикалык түндөр байкалууда.