Талас шаарында Эгемендүүлүк күнүн өткөрүүгө карата даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымлаиев "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
Ал майрамдык иш-чаранын 31-августтан жылышы боюнча: "Эртеби же кечпи, негизгиси сапаттуу өтүшү керек да",- деп түшүндүрмө берди. Өкмөт башчы Эгемендүүлүк күнүнүн жылышын ШКУ саммитине, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дал келип калышы менен байланыштырды.