Ош шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн аялдын аты-жөнү аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Окуя 1-августка караган түнү болгон.
Анын Манас-Ата кичи районунун тургуну экени жана эч жерде иштебей турганы белгилүү болгон.
"Ошол күнү мас абалда болгондуктан кызматкер аял менен болгон окуя эсинде жок экендигин билдирген",- дешти шаардык милициядан.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.