Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуу жылынын 15-сентябрда башталышынын дагы бир себеби - климаттын өзгөрүшү экенин айтты. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
"Белгилүү болгондой, жыл сайын аба ырайынын шарттары улам өзгөрүп жатат. Менимче, аба ырайы жарандарга Ысык-Көлдө 10-15-сентябрга чейин эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Балдар менен эс алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан окуу жылын 15-сентябрда баштоо толук кабыл алына турган вариант деп ойлойм",- деди Касымалиев.
Ошондой эле ал окуу графигинин өзгөрүшү билим берүүнүн сапатына таасир этпей турганын белгиледи.