АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш байкалууда. Бул тууралуу Катардын өкүлдөрү журналисттерге билдирип, тараптардын пикир келишпестиктерди дипломатиялык жол менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жогорулап жатканын белгилешти.
Доха сүйлөшүүлөр конструктивдүү нукта өтүп жатканын билдирип, ортомчулук аракеттери уланарын кошумчалады.