Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкөнүн Кытайга болгон карызы азайып жатканын айтты.
Учурда Кыргызстан Кытайдан карыз албай жатканын, буга бир өлкөгө болгон карыз жалпы карыздын 50 пайызынан ашпашы керек деген милдеттенме себеп экенин билдирди.
"Кытайга 1 миллиард 400 миллион доллар карызыбыз бар. Убагында бул 1 миллиард 900 миллион доллар болчу. Ошондо бул тышкы карыздын 20 пайыздан бир аз ашыгын эле түзөт",- деди Касымалиев.