Ысык-Көл. Ак-Суу районунун 50 жаштагы тургуну өз үйүндө курал жана баңгизат менен кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун  50 жаштагы тургуну өз үйүндө курал жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда  Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган райондун жашоочусу "маңзат сатуу менен алектенет" деп шектелген. Милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, анын үйүнөн 2 килограмм баңгизаты, кара куурайдан гашиш жасоочу жабдык жана 16 миллиметр калибрлүү мылтыктын документи жок экенин аныкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsa1984
2014-01-31 11:23:22
Мылтыгын жөн эле коюшса болмок, балким чек араны кайтарганга керек деп сактап жүргөндүр))))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан