Бүгүн, 4-августта, Бишкек шаарында "Асман жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүү – 2026" аттуу жогорку деңгээлдеги форум өттү. Иш-чара экологиялык жактан таза Асман жаңы шаарын куруу долбоорун ишке ашыруунун негизги багыттарына арналды.
Форумдун жүрүшүндө шаар курууну пландоо, инженердик жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Катышуучулар долбоорду ишке ашыруунун практикалык кадамдарын жана кызматташуу механизмдерин да карап чыгышты.