Ирак жакын арада Сирия жана Түркия багытында жаңы мунай куурун курууну баштоону пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Мунай министрлигинин расмий өкүлү Салим ар-Рикаби билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, жаңы Басра–Хадиса мунай кууру Түркиянын Жейхан портуна жана Сириянын Банияс шаарына чейин жетет. Долбоор Ирактын мунай экспортунун багыттарын диверсификациялоого багытталган.
1-августта Ирак менен Түркия Жейхан порту аркылуу ирактык чийки мунайды ташуу боюнча келишимге кол коюшкан. Документке ылайык, күнүнө кеминде 750 миң баррель мунай ташылат.
Ал эми 17-июлда Вашингтондо Ирак менен Сирия эки өлкөнүн ортосундагы мунай куурун калыбына келтирүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.