Биз социалдык тармакта

Марокко Испанияга Сеутадагы миграциялык кризис тууралуу алдын ала эскерткен

Марокко Сеутадагы миграциялык кризис башталардан бир нече күн мурун Испанияга анын мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу эскерткен. Бул тууралуу El País басылмасы Марокконун Тышкы иштер министрлигиндеги булакка таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Марокко Испаниянын Жогорку соту мыйзамсыз мигранттарды деңиз аркылуу ыкчам кайтаруу практикасын мыйзамсыз деп тапкан чечими эки өлкөнүн миграция боюнча кызматташтыгына терс таасирин тийгизерин билдирген.

Марокко бул чечим мыйзамсыз миграцияны көзөмөлдөө механизмин алсыратканын жана Сеутадагы кырдаалдын курчушуна алып келген факторлордун бири болгонун белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан