Биз социалдык тармакта

Жол куруудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 171 миллион сом зыян келтирилген

Жол курууга бөлүнгөн каражаттардын мыйзамсыз пайдаланылышынан мамлекетке 171 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын, "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тиешелүү квалификациялык талаптарга жооп бербеген, финансылык жана материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү болбогон “Д.Т.” ЖЧКсын субподряддык уюм катары тартышкан.
Өз кезегинде "Д.Т." ЖЧКсы алынган олуттуу сумманы жол куруу иштерине эмес, башка максаттарга жумшаган.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан