Казакстанда 33 жыл жылкы баккан аксакалга жергиликтүү ишкер тарабынан батир белекке берилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган аксакал 100 жылкы уурдады деген айып менен кармалган. Бирок сот анын күнөөсүз экенин аныктап, толугу менен актаган.
Социалдык тармактын колдонуучулары үй белек кылган ишкерге ыраазычылык билдирип, аксакалга бекем ден соолук жана узун өмүр каалап жатышат.