Бишкекте авиабилеттерди сатууга байланыштуу алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 25тен ашуун жаран кайрылган. Шектүү авиабилеттерди алып берүү убадасы менен алардын ар биринен акча алып, өз милдеттенмесин аткарбай койгон. Келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 2 миллион 100 миң сомду түзөт.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин өлкө атынан таэквондо боюнча Монголиядагы турнирге катышыга турган команда алданып калганын айтып чыккан. Алар билет жоктугунан уча албай жатышканын билдиришкен.