Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө башчы Садыр Жапаров Facebook соцтармагынан өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып турарын айтты.
Өкмөт башчынын айтымында, президент соцтармактан көргөн көйгөйлөрдү министрлерге жеткирип турат.
"Күнү-түнү жиберип турат. Биз ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн тез арада аракеттерди көрөбүз",- деди Касымалиев "Кабар" агенттигине курган маегинде.