Биз социалдык тармакта

Япониянын премьер-министри жер титирөөдөн кийин "өзүн жарнамалады" деп сынга алынды

Бүгүн, 5-августта Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Кумамото префектурасындагы жер титирөөдөн жабыркаган аймакка барганын чагылдырган видеодон кийин сынга кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 3-августта тартылган 2 мүнөттүк видеодо Такаити атайын кийим кийип, жабыркагандар менен сүйлөшүп, каза болгондорду эскерип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукканы көрсөтүлгөн.

Айрым колдонуучулар видеону алдын ала даярдалган көрүнүш катары баалап, премьер-министр кырсыкты өзүнүн имиджин жакшыртуу үчүн пайдаланды деген сын айтышкан.

Эске салсак, 28-июлда Кумамото префектурасында күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөөдөн 38 адам каза болгон.

Япониянын премьер-министри жер титирөөдөн кийин "өзүн жарнамалаган" деп сынга алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан