Жаратылыш министрлиги билдиргендей, Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы таштанды төгүүчү жайдан өрт чыкканы аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө таштанды полигонун эксплуатациялоодо экологиялык талаптардын сакталбагандыгы белгиленди.
Аталган факт боюнча полигонду иштеткен жооптуу жакка 23 000 сом айып пул салынды. Ал жердеги өрт толугу менен өчүрүлдү.