
Баткендин Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында чет өлкөлүк кызматкер каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-августта "Магомед" компаниясы иштеткен шахтада 2 кенчи уранды астында калган. Аларды куткаруу үчүн 24 куткаруучу тартылган. Натыйжада, 60 жаштагы кытайлык жаран куткарылып, экинчи кенчинин сөөгү табылган. Бирок каза болгон чет өлкөлүк жумушчу кайсы мамлекеттин жараны экени айтылган жок.
Куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда да уранды түшүп, 5 куткаруучу шахтада калып калган. Бирок алар аман-эсен куткарылышкан. Чалгындоо иштеринин жүрүшүндө шахтанын 50 метр тереңдигинде 4 тирөөч сынып, көлөмү 30 куб метр уранды түшкөнү аныкталган.