
Ат-Башы районунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал быйыл январь-апрель айлары аралыгында бир нече жаранга тайларын, торпокторун жана койлорун Ысык-Көл облусуна бактырып берүүнү же бордоп семиртип сатып берүүнү убада кылып, малдарын алып кеткен. Бирок шектүү малдарды Токмок шаарындагы мал базарда башка адамдарга сатып, акчасын өз кызыкчылыгына жумшаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен өз-өзүнчө кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык зыян 4 миллион 115 миң сомду түзгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.