Биз социалдык тармакта

Жумгалда бирөөнү ири суммага сызга отургузуп кеткен бишкектик тургун кармалды

Жумгал районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал 2023-жылы жабырлануучунун жалпы наркы 1 миллион 510 миң сомду түзгөн 95 баш козусун, 21 баш коюн, 2 баш кунанын, 1 баш уюн жана 3 баш кунаажынын алып, алдап кеткен. Шектүү анын ишеничине "сатып берем" деген убадасы менен кирген. Ал жабырлануучуга 466 миң 800 сомун гана төлөп берип, калган 1 миллион 43 миң 200 сомун бербей кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, Бишкек шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан