Биз социалдык тармакта

Кызматкерлерге төлөнбөй калган 4,4 милион сом айлык өндүрүлдү

Кыргызстанда жарым жылда кызматкерлерге төлөнбөй калган эмгек акынын 4 миллион 408 миң 972 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу 5-августта Эмгек министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 миллион 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйылкы көрсөткүч 2 миллион 790 миң 896 сомго же 38,8 пайызга азайган.

Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракаттан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн компенсациялардын көлөмү да кыскарган. Быйыл 6 айда кызматкерлерге 11 миллион 380 миң 435 сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.

Ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул сумма 58 миллион 826 миң 346 сомду түзгөн. Натыйжада компенсациялардын көлөмү 80,7 пайызга төмөндөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан