Биз социалдык тармакта

Зеленский согушту токтотууга даярбы?

Бүгүн, 5-августта Австрия армиясынын Башкы штабынын полковниги Маркус Рейснер N-TV телеканалына берген маегинде Владимир Зеленский эми Украинанын аймактарын кайтарууну эмес, Орусия менен ок атышууну токтотууну талап кылып жатканын билдирди.

Рейснердин айтымында, Украинадагы энергетикалык инфраструктурадагы көйгөйлөрдөн улам алдыдагы кыш өткөн жылга караганда оор болушу мүмкүн. Бул жагдай Киевдин мурдагы талаптарын өзгөртүүсүнө себеп болгон.

"Эми сөз аймактарды кайтаруу жөнүндө эмес. Зеленский болгону ок атышууну токтотууну талап кылууда",- деди Рейснер.

Ошондой эле ал Орусиянын Куралдуу күчтөрү фронттун бир нече багытында илгерилөөсүн улантып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан