Ысык-Көлдө бүгүн, 5-августта Кыргызстан-Орусия экономикалык форуму өз ишин баштады. Ага мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн эксперттери, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Форумдун алкагында дүйнөлүк экономиканын учурдагы тенденциялары, тышкы экономикалык факторлордун таасири, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланат.
Иш-чаранын уюштуруучулары болуп Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле "Росконгресс" фонду саналат.
Иш-чара 7-августка чейин созулат.