Бишкек шаардык милициясы шаарда күндүз автомат көтөрүп жүргөн жарандын видеосуна байланыштуу чара көрдү.
Маалымдалгандай, аталган жарандын ким экени аныкталып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Видеодогу автомат оюнчук курал экени аныкталды.