Биз социалдык тармакта

Мектеп директорлорун тандоонун биринчи этабы аяктады

Бүгүн, 5-августта мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо боюнча тестирлөөнүн биринчи этабынын жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тестирлөө 25-31-июль күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлгөн.

Ага документтери квалификациялык талаптарга жооп берген 1730 талапкер катышууга уруксат алган. Алардын ичинен 1416 талапкер тестирлөөгө катышып, 1102си белгиленген 60 пайыздык босогодон өттү. Бул тестирлөөгө катышкандардын 77,8 пайызын түзөт.

Билим берүү уюмдарынын түрлөрү боюнча тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн көрсөткүчү:

Жалпы билим берүү уюмдары - 85 пайыз;
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары - 64 пайыз;
Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары - 85 пайыз;
Балдарга кошумча билим берүү уюмдары - 87 пайыз.

Белгиленген күнү жүйөлүү себептер менен тестирлөөгө катыша албаган талапкерлер үчүн 31-июлда резервдик тестирлөө уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан