Базар-Коргондо 4 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу 5-августта Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жер аянты 2013-жылы Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 187 миллион 876 миң сомго бааланган жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылган.