Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 6-августта Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13... +18, күндүз +29... +34;
- Талас жергесинде түнкүсүн +10... +15, күндүз +31... +36;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +31... +36;
- Нарын аймагында түнкүсүн +8... +13, күндүз 20+... +25;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9... +14, күндүз +18... +23;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +16... +18, күндүз +31... +33 градус болот.