Экс-министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, кыргыз эли мындан 200 жыл мурда Орусия менен кызматташуу жолун тандап, туура чечим кабыл алган.
Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да чыңдалып, өз ара ишеним, билим берүү, маданият жана экономика тармактарындагы кызматташтык кеңейиши зарыл.
Жапаров Орусиянын колдоосу менен Кыргызстанда тогуз заманбап мектеп, ошондой эле Кыргыз-Орусия Славян университетинин жаңы кампусу курулуп жатканын белгиледи.
Сөзүнүн соңунда ал тамаша иретинде: “Бул долбоорлор 200 жылдан кийин да Ысык-Көлдө кандайдыр бир форум өтөрүнө негиз болот. Ал кайсы форум болорун билбейм, балким, 288-форум болуп калар”,- деди.