Биз социалдык тармакта

Таиландда өлтүрүлгөн орусиялык туристтердин сөөгү жакындарына берилди

Бүгүн, 5-августта Таиландда өлтүрүлгөн 22 жаштагы орусиялык кыз менен анын жашы жете элек инисинин сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маркумдар менен коштошуу аземи 6-августта өтөт. Анда орусиялык туристтер менен катар аларды өлтүргөн кылмышкерлердин колунан каза болгон тай үй-бүлөсүнүн 3 мүчөсү да эскерилет.

Эске салсак, 22 жаштагы орусиялык кыз жана анын жашы жете элек иниси 26-июлда Паттайяда дайынсыз жоголгон. Кийин полиция кылмышка шектелген 2 кишини кармаган. Алар туристтердин мотоциклин уурдоого аракет кылышканын, жаштар каршылык көрсөткөндөн кийин инисин атып, эжесин сабап өлтүрүшкөнүн моюнга алышкан.

Орусиялык туристтердин өлүмүнөн кийин Таиланд бийлиги туристтердин коопсуздугун күчөтүүнү убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан