Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңы тротуар курулуп жатат. Учурда бул тилкеде асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, курулуштун жүрүшү менен Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте таанышты.
Бул көчө шаардагы эң жандуу жолдордун бири болгондуктан, жаңы тротуар жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Азыркы тапта курулуш атайын техникалардын жардамы менен этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Иштер толук бүткөндөн кийин шаар тургундары жаңы, сапаттуу жана ыңгайлуу жөө жүрүүчү жолду пайдалана алышат.