Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда логистикалык борбордун эскиздик долбоору даярдалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылындагы Кен-Сай тилкесине мөмө-жемиштерди сактоочу транспорттук-логистикалык борбор куруу боюнча эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.

Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокен райондук башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

Жаңы борбор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап шарттарды түзүп, түшүмдү сапаттуу сактоого жана ички, тышкы рынокторго өз убагында жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Учурда эскиздик долбоор тиешелүү кароо жол-жоболорунан өтүүдө. Долбоор ишке ашса, аймактын инфраструктурасы өнүгүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан