"Google" ишканасы организмдеги канттын деңгээлин көзөмөлдөгөн контакттык линзаларды жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк медицина тармактагы басылмалар жазып чыгышты.
Линзалар диабет менен ооругандар үчүн атайын чыгарылган. Дүйнөлүк статистикага таянсак, дүйнөдө 382 миллион адам кант диабетине чалдыккан. “Акылдуу” линзага маалымат берүүчү майда чиптер орнотулган. Алар глюкозанын деңгээлин секунд сайын эсептеп турат. Эгер өзгөрүүлөр байкалса адамга жарык нурлар аркылуу сигнал бере баштайт.
Азыркы тапта аталган ишкана “акылдуу” линзаларды өндүрүүгө өнөктөштөрдү издөөдө.