Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жол кырсыгынан жабыркаган адамга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калууга салым кошкон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Адинай Кабеновага Ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 3-августта болгон. Адинай Кабенова жол кырсыгынын күбөсү болуп, "Тез жардам" кызматы келгенге чейин жабырлануучуга сабаттуу жана ыкчам жардам көрсөтүп, анын абалын көзөмөлдөөгө жетишкен.
Министр Дамир Осмонов медициналык билим менен катар адамгерчилик, жоопкерчилик жана эң оор учурда жардам берүүгө даяр болуу дарыгер үчүн эң маанилүү сапаттар экенин белгиледи.