Биз социалдык тармакта

Депутат Улукбек Карыбек уулу кооптуу абалга кабылган үйлөрдүн тургундары менен жолукту

Бүгүн, 5-августта Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарындагы Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү №299/4, 299/5, 299/6 жана 299/7 көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен жолугушту. Жолугушууга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Аталган мекемеден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө каналдын жээгинин урашынан улам үйлөрдүн пайдубалына жаралган коркунуч талкууланды. Тургундар бул маселе боюнча бир нече жолу тиешелүү органдарга кайрылышканы менен, азыркыга чейин чечим кабыл алынбай жатканын айтышты.

Депутат жеринде абал менен таанышып, авариялык-бекемдөө иштерин кечиктирбестен баштоо зарылдыгын белгиледи. Ал бул маселе адамдардын өмүрү жана коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтып, анын чечилишин жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан