Биз социалдык тармакта

JDS программасынын 20 финалисти Японияда билим алууга жөнөп жатат

Бишкекте Япония өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан JDS адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программасынын 20-топтомунун финалисттери менен жолугушуу өттү.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Жантаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити жана JICA менен JICE/JDS өкүлдөрү катышты.

2025-жылдагы тандоонун жыйынтыгында 20 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы Япониянын алдыңкы окуу жайларына жөнөтүлөт. Алардын 19у магистратурада, ал эми бирөө докторантура программасы боюнча билим алат. Биринчи топ 2026-жылдын 6-августунда Японияга жөнөп кетет.

JDS программасы Кыргызстанда 2007-жылдан бери ишке ашырылып келет. Бул убакыт аралыгында 300дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алган. Программа мамлекеттик сектор үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын чыңдоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан